Тажикстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына кирүүсү ыктымал. Учурда бул маселени аталган биримдик карап жатканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 20-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында сүйлөгөн сөзүндө айтканын орусиялык басылмалар жазды.
Лавров Орусия Азербайжандын да ЕАЭБ курамына кирүүсүн кубаттай турганын кошумчалады. "Орусия Азербайжандын да ЕАЭБдин катарына кошулуусун каалайт. ЕАЭБ - бул ачык интеграциялык биримдик. Учурда анын курамына Тажикстанды кошуу маселеси каралып жатат", - деди ал.
Тажикстандын Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Хуршед Каримзода буга чейин Тажик өкмөтү ЕАЭБге кирүү шарттарын карап жатканын билдирген эле. Ал өкмөт ЕАЭБге кошулуудан эмне пайда табарын курамга кийинкилерден болуп кирген Кыргыз мамлекетинин жана Армениянын тажрыйбасына карап жатканын айткан.