КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев биринчи вице-премьер-министрлик кызматына барбай турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Мени биринчи вице-премьер-министрлик кызматына барат деген маалымат чындыкка жатпайт. Мындай маселе жок. Мен жөнүндө эч кандай сөз жок", - деди Карашев.
Эске салсак, кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлиги вице-премьер-министрликке жактырылган. Андан соң биринчи вице-премьер-министрликке Аалы Карашев барат деген сөздөр айтылган.