Укук коргоо органдары депутаттарга Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалыматты бүгүн бере турган болушту

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдары Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалымат беришет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жалпы жыйында билдирди.

"Бүгүн Каныбек Иманалиев жана башка депутаттар сунуштаган маселе, Улан Саляновдун өлүмү боюнча бүгүн укук коргоо органдары маалымат берет. Мен алар менен сүйлөштүм. Бүгүн күн тартибиндеги бардык маселелерди карап бүткөндөн кийин бул маалыматты ушул жерден угабыз", - деди төрага.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалымат угууну депутаттар сунуштап, бир топ талаштардын жаралышына себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан