Саляновдун өлүмү боюнча ИИМдин орун басары "кылмышкерлердин изине түшкөн жокпуз" дейт

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалымат берип жатат.

"Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгында иш козголгон. Ички иштер министринин буйругу менен атайын ыкчам топ түзүлгөн. Бул иш ачылат же ачылбайт деп айта албайбыз. Бирок биз 100 пайыз бул ишти ачканга аракет кылабыз. Эч нерсе таба элекпиз деп айтуудан алыспыз. Далил буюмдар тиешелүү экспертизалар жасалып иш жүрүп жатат. Изине түшкөн жокпуз. Жумуштар толук кандуу алып барылып жатат. Ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Үмүт бар", - деди Абдыкаров.

Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-11-22 12:47:54
Издемиш болуп койгула бирок таппагыла деген буйрук келсе керек
+5
birimdik.
2017-11-22 12:56:50
Оздору аттырып оздору ишдешкени кызыкко
+4
nargiz-sa
2017-11-22 13:31:05
Умут бар дейт го. Ал ким болбосун кылмыштын бетин ачуу милдетинер. Кылмышкерди таппасанар, умут бар деп отурсанар анда бул органдын бар экени эмне деген кеп
+2
kenjebek_a
2017-11-22 15:06:42
Деп койду да.Даана кылмышкерди таппайсынар,тапкынар да келбейт тапсанар анда азыркы бийликтин 80% олду анда.Издетпей жатат же издебейбиз деп эле койбоптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан