Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзийоевди "Данакер" ордени менен сыйлады

Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди "Данакер" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн Мирзийоев "Данакер" ордени менен сыйланат.

Белгилей кетсек, “Данакер” ордени менен тынчтыкты, достукту жана элдердин ортосунагы кызматташтыкты чыңдоого салымын кошкондо сыйланат. Ошондой эле улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө үзүрлүү иши, илимди өнүктүрүү, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытууга кошкон салымы үчүн сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан