Атамбаев Путинди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Путинге Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көрүнүктүү салым кошкону үчүн аталган орден тапшырылды.

Айта кетсек, “Манас” ордени менен мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон зор салымы үчүн жарандар сыйланат.

“Манас” ордени менен сыйлоо төмөнкү ырааттуулукта жүргүзүлөт: III даражадагы, II даражадагы, I даражадагы “Манас” ордени.

Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын президенти жарандарды III, II даражадагы “Манас” ордени менен сыйлабастан эле I даражадагы “Манас” ордени менен сыйлай алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан