Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалымат берилип жатат. Анда депутат инисине болгон кол салуу боюнча ИИМ туура эмес маалыматтарды берип жатканын айтты.
"Бул жерде министрдин орун басары туура эмес маалымат берип жатат. Ал үйгө 3 киши кирди деген туура эмес, андан көп болгон. Анын баласы 8 секундда кошунасынын үйүнө качып чыгып, сиздер Патрулдук милиция айдап келген унаа деп айткан машинаны көргөн. Балким, сиз тергөөчүлөр менен бирге процесстерге катышпаган үчүн жаңылып жатасыз", - деди Салянова.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.