Депутат Момбеков: "Саляновдун өлүмүндө саясат жок" деп ИИМ бул ишти өзү саясатташтырып жатат"

"Улан Саляновдун өлүмүндө саясат жок" деп ИИМ бул ишти өзү саясатташтырып жатат", - деген пикирин бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков айтты.

"Сиздин сөзүңүз боюнча, азырынча тергөөдө белгилүү нерселер жок. Бирок азыр "Саляновдун өлүмүндө саясат жок" деп Ички иштер министрлиги өзү саясат кылып жатат. Кылмышкерлер кармала элек, туугандарынын көрсөтмөсүнө таянып алып эч нерсе белгилүү боло электе мындай тыянак чыгарган туура эмес. Саясатты биз, депутаттар эмес, ИИМ, силер жасап жатасыңар", - деди Момбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jbolotov
2017-11-22 14:46:10
Момбеков ж.б депутаттар силерге айтаарым жерлерибизге Кытайдан келгендер баш аламан толуп уй жкплерди алып атышат, кен байлыктарыбызды башкалар сатып алып атат, Баткен жакта жерлер Тажиктерге отуп атат жана башка мамлекеттик маанидеги кооптуу маселелерди караганга акылынар эркинер жетебии же ГАИ, авария, бири бирини камашып журуп отуп кетесинерби? Ушул депутаттардын денгеелинен жонокой мугалимдер бийик денгеелде суйлойт. Мамлекеттин келечегин ойлоп бир иш кылгылада.
0
maisalbek_93kg
2017-11-22 15:17:51
Саясаташтырылган эле Салянова ак иштеген адилеттуу адам
0
kenjebek_a
2017-11-22 15:24:51
Туугандарынын корсотмосуно таянып дегени эмнеси.Бир жолу эле шефтин корсотмосу менен жаап койгула деп эле айтпаптыр ачыгын.Кошаматтыгы учун Данк орденин берет эле.Тууганы маркумдун баласы берет да,эмне ошол менттер береби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан