Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Ага өкмөт башчы Сапар Исаков, өкмөт мүчөлөрү жана туристтик багыттагы компаниялардын өкүлдөрү катышууда. Сапар Исаков өз сөзүндө туризмди өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр кенен экендигине карабай, өнүгүүнүн темпи төмөн болуп жатканын айтты.
"Потенциал толук пайдаланылбай жатат. Ысык-Көлдө эс алууга ылайык эң жакшы пансионаттар бар. Ошол эле учурда мамлекеттин карамагында турган пансионаттардын абалы талапка жооп бербейт. Кемчиликтерди жоюу биз үчүн өтө маанилүү маселе", - деди Исаков.
Андан сырткары авиация тармагы аркылуу туризмди өнүктүрүү маанилүүлүгүнө токтолду. "Биздин АКШга, Кытайга жана башка мамлекеттерге деңиз аркылуу каттамыбыз жок. Болгону учак, унаа жана темир жол аркылуу жүрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан авиация багытын өнүктүрүү керек. Бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев иш алып барууда", - деди премьер-министр.