Өлкөдө ВИЧти жуктуруп алгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу азаюуда

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун (ВИЧ) жуктуруп алгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу маалымат жыйынында "СПИД" республикалык борборунун мониторинг жүргүзүү жана анын сапатын аныктоо бөлүмүнүн адиси Замира Тилекова билдирди.

Анын айтымында, учурда ВИЧти жуктуруп алгандардын көбү 40 жашка чейинкилер.

"Учурда ВИЧке кабылгандардын саны 7803 адамды түзөт. Ооругандардын көбү 20 жаштан 40 жашка чейинки адамдарды түзөт. ВИЧ негизи жыныстык катнаш, баңгизат колдонуу учурунда ийне саюу, балага эмчек эмизүү учурунда жугат. Буга байланыштуу биз тараптан көп жумуштар аткарылууда. Алгач ВИЧти жуктуруп алган адамдарды аныктап, аларга дарыланууга жардам берүү. Алар үчүн атайын дарылар бекер берилет. Дарылануудан кийин айыгып кеткендер бар", - деди Тилекова.

Ошондой эле Замира Тилекова, өлкөдө ВИЧти жуктуруп алгандардын көбү Чүй облусунда экенин айтты.

"Статистика боюнча быйыл 2016-жылга караганда ВИЧке кабылган адамдардын саны азайган. Чүй облусунда 2016-жылы 263 адам аныкталса, быйыл 2017-жылы 231 адам аныкталган. Ош шаарында 2016-жылы 100 адам, 2017-жылы 84 адам. Бишкек шаарында 2016-жылы 129 адам, 2017-жылы 108 адам аныкталды", - дейт адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-11-22 18:11:32
Мигранттар канча жуктуруп келип жатышат, аларды текшерген эч ким жок. Бул статистика так эмес, иштеш керек керектүү кызмат.
-2
jbolotov
2017-11-22 20:11:26
Автор силер маалыматтарды тактап чыгарасынарбы же кандай? NewТв да ВИЧ оорусуна кабылгандар кобойуп атканын айтып атышат? Киминерге ишенууну билбейсин, журналистер ото шалаакы болуп кетишти, такталбаган нерселерге жоопкерчиликти кучоткон мыйзамды киргизилбесе бообой калдыго.
+1
Aiperi0105
2017-11-23 11:02:24
Былтыркыга салыштырмалуу аз дейт, значит аз изилдеген, жуктуруп алып жургондор канча, жуктуруп алган адам озу деле билбейт аны качан гана анализ тапшырылганда билинет. Бул жерде эч кандай азайган эмес, жылдан жылга кобойкп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан