Өкмөт башчы Сапар Исаков Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин кезексиз жыйынында транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловду сынга алды жана авиация жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жарым жыл убакыт берди.
Жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев авиация секторунун жана аны өзгөртүү боюнча мыйзамдарды талдоо менен ким алектенери боюнча суроого жооп бере албагандыктан анын ордуна министр Калилов жооп кайтарды. "Чынында агенттикте адистер жетишсиз. 6-7 жылдан бери аудит жүргүзүлүп, жыл сайын маселелер уламдан-улам көбөйүп жатат", - деди министр.
Мындан улам өкмөт башчы агенттикке жаралган көйгөйлөрүн чечүүнү тездетүүнү сунуштады. "Маселени чечүүгө сиздерге ким тоскоолдук кылып жатат? Министр агенттиктин директорунун ордуна жооп берип жатат. Жакшылап иштеш керек. Сиз министр катары маселени мага айтпай, өзүңүз чечишиңиз керек. Керек болсо ишти баштай элек экенсиздер. Авиация тармагынын жана аны өзгөртүү боюнча мыйзамдарды талдоо үчүн эл аралык уюмдар менен жолугушуп, туура долбоор жазыш керек. Маселени чечүү үчүн сизге жарым жыл убакыт берем", - деди Исаков.