Тоо казы бийик тоону сүйгөн канаттуу. Алар Борбордук Азияда Чатыр-Көлдө гана көбөйүп, байырлашат (фото-капканга тартылган сүрөт)

Чатыр-Көл өлкөдөгү бийик жерде жайгашкан ири көлдөрдүн бири. Деңиз деңгээлинен 3530 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 23, туурасы 11 чакырымды, тереңдиги 16,5 метрди түзөт. Чатыр-Көл жапайы канаттуулардын жашоо циклында орчундуу мааниге ээ жана алардын көбөйүүсүнө, үйүргө топтолуусуна ыңгайлуу тынч аймак болуп саналат. Бул көлдө суулуу-саздак жерлерди мекендеген канаттуулардын 50дөн ашык түрлөрү бар. Алардын ичинен тоо казын өзгөчө баса белгилесек болот. Анткени тоо казы Борбордук Азияда Чатыр-Көлдө гана көбөйүп, байырлашат.

Чатыр-Көл куштардын көп массада учуп келиши сезондук миграцияларында, күзүндө бул жерде миңдеген өрдөктөрдүн, каздардын алардын ичинен түндүк уюлду жердеген айрым түрлөр да кездешет. Тоо казы Индия, Пакистан мамлекеттеринде кышташат, миграциялык жолу 1000-1500 чакырымды түзөт, ал жолду алар 2-2,5 айдын ичинде учуп өтүшөт.

Тоо казынын денеси бозомук, ал эми моюнунун эки капталы жана төбөсү ак түстө. Ошондой эле төбөсүндө жана желкесинде эки кара сызыгы болот. Тумшугу жана узун буттары сары түстө. Анын канатынын узундугу 40-50 сантиметрди түзсө, денесинин узундугу 70-75 сантиметрге чейин жетет.

Тоо казы октябрь айынын ортосунан тарта Пакистан, Кытай, Индия тарапка учуп кетишет. Алардын Гималай тоо кыркаларынын үстүнөн, 10 миң метр бийиктикте учуп баратканы байкалган. Адистердин баамында, 10 миң метр бийиктикте тик учак уча албайт.

Чатыр-Көл "Каратал–Жапырык" мамлекеттик коругунун карамагына карайт. Коруктун директору Бакыт Чороевдин айтымында, көлдөгү канаттуулар жыл бою егерлер тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат.

"Тоо казы апрель айынын ортолорунан тарта учуп келе башташат. Алгач жумуртка тууп, балапан чыгарып, андан соң октябрь айынын ортолорунда кайра учуп кетишет. Алардын саны акырындык менен көбөйө баштады. Алсак, 2008-жылы 300дөй болсо, быйылкы санак боюнча алардын саны 500дөн ашат. Тоо казы өтө сак жана бийик тоону сүйгөн канаттуу. Анын суунун үстүндө сүзүп жүргөнү Чатыр-Көлгө өзгөчө көрк кошот", - деди Чороев.

Чатыр-Көлдө фото-капканга тартылып алынган сүрөт.

Ошондой эле ал тоо казын коргоодо мамлекет тарабынан тиешелүү иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.

"Жыл бою мониторинг жүргүзүлүп, элдердин арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турат. Аңчылыкка жол бербөө үчүн егерлер ар дайым күзөттө. Эми беш кол тең эмес дегендей мурда Чатыр-Көл жакшы көзөмөлгө алына элек маалда, аскер кызматкерлери жана жайлоого чыккандар аңчылыкка чыгышчу экен. Эми азыр эл да түшүнүү менен мамиле кылып калышты", - деп билдирди коруктун директору.

Чатыр-Көлдө фото-капканга тартылып алынган сүрөт.

Андан сырткары Бакыт Чороев өлкөдө орнитологиялык туризмди да жолго коюш керек экендигин айтты.

"Азырынча канаттууларды көрөбүз деп атайын келген туристтер жок. Чатыр-Көлгө келгендерди канаттууларга жакындатып жолотпойбуз. Ал үчүн биз 300 метр аралыктан көрүнгөндөй атайын аянтчаларды жазашыбыз керек. Антпесе биз аларды чочутуп алышыбыз толук мүмкүн. Улуттук илимдер академиясынын Биология топурак таануу институтунун орнитологдору Аскар Давлетбаков, Анатолий Осташенко суулуу-саздак жерлердин канаттууларын изилдөөдө көп салымдарын кошуп келишет", - деди Чороев.

Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактар тоо казына келтирген зыяны үчүн 6000 сом айып пул төлөшөт. Эгер коруктун аймагында зыян келтирилсе, айып 5 эсе жогору болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Totyua.71.
2017-11-26 07:27:56
Биздин Кыргызстандын жаратылышы кандай керемет!!!Суктанууга,коргоп алууга акым бар!
+12
gulmi
2017-11-26 09:15:12
Нарындык досум атып берген,егерлер акча толоп берген бизнесмен,туристтер менен келип,аларга кошулуп аркар,тоо эчкилерин аткылап кетишет экен.Аркарлардын кайсыл тоолордо коп экенин корсотуп беришет экен.
+7
Pandora
2017-11-26 12:43:03
gulmi,Колдору сынсын!!!
+2
almanbetperm
2017-11-26 14:02:31
gulmi,нарындык досун пулун берсе кулунмун дегендердин экен
+5
portugalia
2017-11-26 10:01:27
Кобойушо беришсин!
+4
Pandora
2017-11-26 12:44:02
Эх!!! Кандай соонун керемет дагы да кобойушуп,жаннат мекенибизде байырлаша берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан