Атамбаев президенттиктен кете турган ар бир күнүн санап жатканын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев президенттиктен кете турган ар бир күнүн санап жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” резиденциясында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.

“Мен президент катары акыркы жолу сыйлык тапшырып жатам. Мына эки күндөн кийин жаңы президентке бийликти, камчыны өткөрүп берем. Ар бир күндү санап жатам. Чындыгында оор күндөр болуптур. Бирок Жалал-Абад облусуна барып мурдагыга салыштырмалуу элдин маанайы жакшырганына күбө болдум”, - деди ал.

Ошондой эле ал бүгүн мамлекеттик сыйлык ала турган жарандар өлкөдөгү туруктуулукка салымын кошконун айтты. “2010-2011-жылдары бийликти жакшы иштеп жатат деп айтуу, жазуу эрдик болчу. Ошентип жазган журналисттерди саясат таануучуларды айрымдар тепкилеп эле жатып калчу”, - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан