"Чынын айтайын, бүгүн аялыма "Эрдик" орденин бергим келген. Бирок ал баш тартып койду" деп бүгүн, 22-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди.
"30 жыл менин мүнөзүмө чыдоо... Мен айттым, сага "Эрдик" беришим керек деп. Ал жок деп мени араң бул оюмдан кайтарды. "Эрдик" берсем болмок, ал татыктуу болчу. Жубайым көзүнө жаш алып "эл туура эмес түшүнүп алат" деп айтты. Бирок эл билиши керек, жубайым татыктуу адам. Албетте, бардык балдарыма, кыздарыма ыраазымын. Алар атасын уят кылбаш үчүн баарын жасашты", - деди ал.
Учурда президент мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөп жатат. Ал сыйлык алып жаткандарга колдоо көрсөткөн үчүн ыраазычылык билдирди.