СУПЕРСТАН: "Жигиттер, силерге кыздардын кандай сапаттары жакпайт?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттер, силерге кыздардын эмнеси жакпайт?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мага өзүн-өзү көтөргөн, чалчаңдап сагыз чайнаган, аябай боёнгон, тамеки тарткан, тамашаны түшүнбөгөн кыздар жакпайт. Кээ бир кыздарга көчөдөн кетип баратып тамашалап тийишип койсоң, башталат, өзүн көтөрүп, кагып-силкип. Тийишкен бала жаман көрүп тийишпейт да. Жакпаса акырын эле айтып койсун, жигитим бар деп. Анан жанагы концерттердеги элдин астын тосуп алып ырчыларды сүрөткө тартат го. Артында киши отурабы, жокпу, урганы да жок. Ырчыны тартып алдың, эмне болду эми? Андан көрө интернеттен карасаң, андан сонун сүрөттөрү бар".

"Мага ичип-чеккен, 32 тишин көрсөтүп күлө берген жана мааниси жок эле сүйлөй берген кыздар жакпайт".

"Наалый берген, жумурткадан кыр издеген кыздар жакпайт. Өзүнүн жанында эркекти чыныгы эркек сездирген кыздар жагат. Миң сулуу же акылдуу болсо да, эркек анын жанында эркек бойдон калса, ыңгайсыз абалда калбаса..."

"Кыздар таза, тыкан жүрүшсө экен дейм, анткени айрымдары жумалап жуунбагандай сезилет. Өзүңөрдөн чоң колготки кийбегилечи, ал басканыңарда шыпырылып турса, кыжырым келет. Колготкисин тарта албаган кыз аял болуп жыргатмак беле деген ой келет экен".

"Сүйүп көрбөсөм да айтып коёюн. Кыздардын мага күттүргөнү жакпайт".

"Сөгүнүп сүйлөгөн кыздар жакпайт. Азыркы учурда мындайларды абдан көп кезиктирип жатам".

"Эркек балдардай баскан, каткырып оозун чоң ачып күлгөн кыздар жакпайт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sarywka2017
2017-11-22 18:33:27
Билдируулорду окуп алып озумду бугундон баштап ондойун деп чечтим. Шайыр болбой скромная болоюнчу (катуу кулуп салмай адатым бар)
+12
Alinur96kg
2017-11-22 18:37:08
Sarywka2017,Адатындан сенин.
+6
Kaninaiman
2017-11-22 18:48:46
Каткырып кулгонумду суйгон эле телефондон кулчу деп эле
0
D.Uezalieva
2017-11-22 19:07:29
Боотоом,эми нормально кулбой да калабызбы
+8
AIZAD
2017-11-22 20:57:56
D.Uezalieva,)))))))))
+1
ajdaaar
2017-11-22 19:28:57
Женил ойлуу кыздар... Мисалы Малика Динанын тонкоюп жамбашын эркекке такап чайпап бийлегенин (устундогу кийими эле болбосо стриптиз болуп кетти бул жагы) копчулук кыздар туура коруп, анын эмнеси бар экен деп отурат...

Ошондой женил ойлуу кыздардан Кудайым сактасын, ошол кыздарга тарбия бере албаган ата-энелерине мин наалат... Анан никесиз зынага баткан жуз миндеген кыргыз кыз-келиндери кайдан келип чыгат деп оозубузду ачабыз... Ошонун баары тарбиянын жоктугунан!!!
+8
Ernisbii
2017-11-22 20:14:05
Жигиттер,кыздар бири бирибизге сын айткандан көрө,ар ким өзүн оңдосо,баардыгы ордуна келет,аялдарыбыздын,кыздарыбыздын бузулушуна көбүнчө эркектер күнөлүбүз кандай болгон күндө да аял затын коргоп,сыйлап жүрсөк, колдонуп анан ар кандай нерселерди айтпай колдонуп дегеним ар кайсы жерлерге иштетип кетирип жатабыз,же болбосо сойкулук жагынан анан кантип сын айтабыз,ошого жараша кыздардан сураныч өзүңөрдүн баркыңарды кетирбегилечи,убактылуу нерсеге үмүт кылып силер келечекте ЭНЕсиңер.
+1
Jumahmatov
2017-11-22 21:55:54
Ичип чеккен кыз бой которгон кыз айрыкча шаардык болуп алымыш кыздар такыр жакбайт шаардык болуп алымыш дегеним бул Бишкетеги кыздарга айтканым албетте баардыгы эмес кээ бир кыздар бар кыргызча суйлобогон тим эле Европада чонойуп жашагансып Бишкектен туруп алып тим эле бой которушот шаардыкмын дегендей кылып башына эле бир чапкын келет Бишкек айылдан айырмасы калбай кал6ан кайсы арына шаардыкмын деп бой которосун
+10
Aima94
2017-11-23 03:44:11
Jumahmatov,в точку! Түуура! Менин оюмду жазыпсыз
+1
kyrgyz-patriotu
2017-11-23 12:04:56
Эн негизгиси ыймандуу болушсун, ыймандын ичинде баардык жакшы адамдык сапаттар бар. Согунгон, тамеки чеккен, каткырып кулгон, булар шайтандын кылык жоруктары деп эсептейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан