ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин эң жаш депутаты Айсулуу Мамашова 29 жашка чыкты

1988-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңештин эң жаш депутаты Айсулуу Мамашова Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциялоо институтунун Кыргыз-Европа факультетин "Экономика жана башкаруу" адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-жылы аталган окуу жайдын "Ишкердик башкаруу" адистигине кайра тапшырып, 2010-жылы магистр квалификациясын алган.

2005-жылы "Автоучкомбинат" ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген.

2009-жылдан тартып "Фирма Дасмия" ЖЧКсынын президенти.

2015-жылдын 4-октябрында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин мүчөсү.

Үй бүлөлүү, 1 кыздын энеси.

22-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан