Атамбаев Илмиянов менен Ниязовго сыйлык тапшырып жатып "Мен кантип вазирлериме сыйлык бербей коймок элем" деди

“Айрымдар Атамбаев өзүнүн кишилерине сыйлык тапшырып жатат деп айтышы мүмкүн. Бирок мен бүгүн Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновду орден менен сыйлайм”, - деп бүгүн, 22-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.

“Илмиянов депутаттыктан, мамлекеттик кызматтан баш тарткан Кыргыздарда жалгыз адам. Ушундай адамдар көп болсун. Бардыгы кызматка жулунушат. Илмиянов мени менен 18 жашынан бери иштейт. 25 жыл чогуу иштеп көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечиргенбиз”, - деди президент.

“Бизде "вазир жакшы - хан жакшы" деген сөз бар. Мен кантип өзүмдүн вазирлериме сыйлык бербей коймок элем? Алар бул сыйлыкка татыктуу”, - деди ал.

Фарид Ниязов II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Ал эми Икрамжан Илмиянов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан