Кыргыз авиакомпаниялар Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыга элек. Бул тууралуу “Эйр Манас” авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев Бизнес жана инвестиция боюнча кеңешменин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай чектөө авиакомпаниялардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууда.
"Биз эл аралык компанияларга туруштук бере албай жатабыз. Эгерде Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыкпасак Кыргыз авиакомпаниялары жабылып калышы мүмкүн. Жабылып калса бюджетке 2 миллиард сом түшпөй калат. Ансыз деле 9 авиакомпания болсо үчөө гана туруктуу иштейт. Ошондуктан биз өкмөттүн жардамына муктажбыз", - деди Нурбаев.
2016-жылы Жарандык авиация агенттиги 2017-жылдын аягы же 2018-жылдын башына чейин Кыргыз авиакомпаниялары Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгарын билдирген болчу.