Эртең, 23-ноябрда Бишкек шаарынын бир канча көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, эртең саат 09:00дөн 18:00гө чейин трансформаторду оңдоо иштери жүргөндүктөн борбордогу Гоголь, Сүйүнбаев көчөлөрү жана Чүй проспектисинин аталган көчөлөр менен кесилишкен жеринде электр жарыгы берилбейт.
Ошондой эле Тоголок Молдо, Орозбеков, Ашхабад, Водопроводная жана Жаманбаев, Мичурин, Махатма Ганди, Калык Акиев, Үмөталиев, Турусбеков жана башка шаардын көчөлөрү электр энергиясыз калышат.