“Күч органдарынын кызматкерлерине үйлөр салынып жатканда мугалим, дарыгерлер таарынып жатышат”, - деп президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 22-ноябрда мамлекеттик сыйлык тапшырып жатканда билдирди.
Ал билдиргендей, күч органдарынын кызматкерлерине көп үйлөр ар кайсы өлкөлөрдөн келген гранттардын эсебинен салынат. "Гранттарды күч органдары үчүн тартуу баарынан жеңил болчу. Бүгүн биздин армиябыз бар. Мен жакынкы күндөрү маданият кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушу түшчү жерге капсула салам. Бул үйдүн курулушунун аякташын абдан күтүп жатам. Бизде мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгону менен абдан жаман шарттарда жашаган маданият кызматкерлери бар”, - деди президент.