"Электрондук дарбазалар" тутуму биометрикалык паспортко ээ жарандарга аэропорттон чек арачылардын текшерүүсү жок өтүүгө жол ачат

Өкмөт башчы Сапар Исаков 22-ноябрда өткөн Бизнес жана инвестиция боюнча кеңешменин жыйынында "Манас" жана "Ош" аэропортторунда "электрондук дарбазалар" тутумун орнотуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Исаков "электрондук дарбазалар" тутуму биометрикалык паспорту бар жарандарга аэропорттон чек арачылардын текшерүүсү жок өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

"Сөз "электрондук дарбазалар" тутуму боюнча болуп жатат. Биометрикалык паспортко ээ болгон жарандарыбыз көзөмөл-өткөрүү жайларындагы чек ара кызматкерлеринин текшерүүсүнөн өтпөй эле өтүп кете алышат", - деди Исаков.

Өкмөт башчы бизнес-коомчулук менен туристтик тармактагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Бир жыл мурда биз визалар тууралуу сөз кылганбыз. Бүгүнкү күндө бул абалды оңдодук жана документ берүү мөөнөтүн бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берген электрондук визаларды киргиздик. Бизнес бизге өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди көрсөтүүдө", - деп билдирди ал.

Ошондой эле кеңештин жыйынында авиа жеткирүү рыногун либералдаштыруу ыкмасы аркылуу жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча кадамдык иш-чаралар планын ишке ашыруу, "Манас" аэропортунун инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу жана аны өнүктүрүү келечеги, жарандык авиациянын актуалдуу жана башка маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begmat1992
2017-11-23 11:42:12
Бул болбогон нерсе башка кишинин паспорту менен терорист кылымышкерлер отуп кетиши мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан