Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөт 2016-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчёт берет. Эл өкүлдөрү бүгүнкү жалпы жыйында 2017-жылга карата өлкөнүн бюджетин бекитүү жагын да карайт. Мындан тышкары 2018-2019-жылдарга карата бюджеттин болжолу талкууланат.
Күн тартибинде ар кандай маселелер, Социалдык фонддун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу камтылган.
Белгилей кетсек, өлкөнүн бюджетине байланышкан мыйзам долбоорлорду буга чейин Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери карап чыккан.