Мындан 39 жыл мурун, 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Элвира Сурабалдиева туулган.
Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз: улуусу мен, сиңдилерим Аида, Салтанат жана иним Байыш. Атам дайыма "көчтүн башы кайда барса, арты ошол жакка барат" деп үй-бүлөдө тартипти катуу кармачу. Үйдө кыйкырык коштогон жаңжал болчу эмес, атам баарыбызды бетме-бет отургузуп, бири-бирибизге көндүргөн. Атабыз сырттан кирип келип бут кийимдердин чачылып жатканын көрсө, "Ырыскы босогодон башталат. Үйүңдүн ичи ушундай чачылган болсо, өмүрүң да чачылуу бойдон өтөт" деп кеп-кеңешин айтар эле. Бул сөздөрдүн маанисин кийин эс тартып калганда гана түшүндүм".
2000-жылы Сурабалдиева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Эл аралык байланыштар» адистиги боюнча, 2003-жылы Улуу Британиянын Бристолдук университетинин «Эл аралык байланыштар» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 2003-жылдын октябрь айынан баштап Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөө менен баштаган.
"2005-жылдын 10-июнунда атам каза тапты. Лондонго кетип, 8-июнда атама телефон чалып 3 жылга окуумду улантууга грант утуп алганымды айттым. Ошондо эле үнү бир кызыктай болуп калган эле. "Бул жакка эле келбейсиңби, бизнести сен башкарышың керек. Сага ишенем, бул ишти алып кете аласың" деп эмнегедир коштошконсуп сүйлөдү. Таң калдым, Бишкекке барып базарда иштейм деп ойлочу эмесмин. Бул кесирленгендик эмес, болгону чет өлкөдө окуумду улантып, ал жерден иштейм деп жүрчүмүн".
2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.
2006-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын август айына чейин «Кудайберген» автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.
"Кыйынчылыктын баарын билим, өжөрлүк жана намыскөйлүк аркылуу жеңдим. Кичинекей бир айыммын, булчуң менен маселе чече албайм. Мыйзамдарды жакшы билгенимдин пайдасы тийди. Чет өлкөдө жашап келген адамдын дүйнө таанымы да кенен болот. Алсыздыгымды эч кимге көрсөткөн жокмун. Өзүмчө калганда, жаш болуп, түшүнбөгөн жерлерден көз жаш төккөнүм менен, эл алдында жаркырап гана турдум. Кыйынчылыкка баш ийип бергенимди кол алдымдагылар көрсө, бизнестин күнү бүтмөк да. Адилеттүүлүк менен мамиле кылууга аракет кылам, элди алдоого болбойт, адам катары да, ишкер катары да репутацияны ойлоп жүрөм, булганбашым керек. 10 жылдан бери базарды өзүм иштетип жүрүп бир да адамды алдаган жокмун деп ишенимдүү, абийир менен айта алам".
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
23-ноябрга карата жылнаама.