Депутат Артыкбаев элди таза суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады

КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев элди таза суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

"Таза суу маселеси жаңы президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун негизги программасы болгон. Өлкөбүз таза суу менен 55 пайызга гана камсыз болгон, 657 айылда таза суу жок. Бирок өкмөт атайын эл аралык уюмдар менен иштешип, 22 миллиард каражат берилди. Долбоор иштери башталды. Тез аранын ичинде башталышы керек. Ушуга байланыштуу өкмөттүк саат өткөрүү зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан