Депутаттар 8 миллион долларга сатып алынчу 150 вагон эмнеге келбей жатканына кызыгышты

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов 150 вагон сатып алуу боюнча тендер өткөнүн, бирок эмнегедир вагондор келбей жатканын айтты. Депутат 8 миллион доллардан ашуун каражат коюлган тендерде казакстандык компания утуп алганын да кошумчалады.

"Быйыл апрель айында 150 вагонду сатып алуу боюнча "Кыргыз темир жолунда" тендер өткөн. Биз, депутаттар "тендер туура эмес болду" деп ошондо айтканбыз. Казактардын бир компаниясы тендерден утуп алган. Канча ай убакыт өттү, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы вагон келген жок. Товар экспорттоо үчүн вагон жок жарандар кыйналып жатат. 8 миллион доллардан ашык акчага вагондор алынмак. Тендер боюнча укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүп жыйынтыгын чыгарышы керек", - деди Жамалдинов.

Депутат Мирлан Бакиров да бул маселеге токтолуп, вагондордун келиши чек арадагы маселелерди жеңилдете турганын айтты. "Вагондор боюнча маселени июнь айында көтөргөм, вагондор келип калса дыйкандарга товарларын экспортко чыгарганга жеңил болмок", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан