Бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров 2014-жылы Польша мамлекети менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда келишим түзүлгөнүн эскертти.
"Келишим боюнча 40 миллион евро каралган. Ошол келишимдеги каражат пайдаланылган жок. Жыйынтыгында келишимдин мөөнөтү бүттү. Парламенттин тийиштүү комитети мөөнөттү узартуу боюнча Каржы министрлигине, Экономика министрлигине тапшырма берген. Министрликтер азыр иш аракеттерин көрүп жатат. Бирок жыйынтык жок. Бул боюнча мүмкүн өкмөт башчынын убактысы жетпей жатат. Вице-премьер-министрлерге тапшырма берилиши керек. Дыйкандарга асыл тукум мал, техника берилсе жакшы болмок", - деди Бакиров.