Депутат: "Мектептер окуучулардан 5000 сомдон мүчөлүк акы катары каражат чогултуп жатат"

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жыргалбек Калмаматов Бишкекте мектептер окуучулардан 5000 сомдон мүчөлүк акы катары каражат чогултуп жатканын айтты. Депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, бул маселеге көңүл буруу шарт экенин билдирди.

"Бишкекте мектептер көп. Мисалы, №12-мектепте ар бир окуучудан "мүчөлүк акы" деп 5 миң сомдон акча алып жатышат. Бүгүн ата-энелер мага кайрылышты. Эгер бир мектепте 2000 окуучу окуп жаткан болсо, бир эле мектеп 10 миллион сом чогултуп алат экен. Бүгүнкү күндө оңдоо иштери, китеп сатып алуу жана башкаларга деп бүт окуучулардан акча чогултуп алып жатат. Мындан тышкары "мүчөлүк акы" деп акча чогултканын кандай түшүнсөк болот? Учурда билим берүү тармагына өкмөт акча берип, жардам көрсөтүп жатат. Ошондуктан бул туура эмес деп ойлойм", - деди Калмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aitowa11
2017-11-23 10:58:02
Мучолук акы эмнеси экен 5000мин дейтко тооба. Бакиев китептерди бекер кылган элего. Булар кайра сата баштаганбы китептерди. Ремонтко деп дагы чогултушат эле аны да жойгон эле Бакиев
+9
dosym
2017-11-23 11:00:13
Ошто андай нерсе жок, Бишкектин мектептери ракет турбайбы анда, ар бир окуучудан алса, камкорчулар фонду болушу мүмкүн
+6
Aza17
2017-11-23 11:16:51
Кан м.н келген арам бийликти кан м.н жууш керек болуп калды. Элдин канын соргон бийлик болуго.
+1
TalaCSKA
2017-11-23 11:45:26
Колду бир эле шилтеп ушул чириген бийликтин бутактарынан айрылуучу Айла болсо эээххх
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан