“Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов санариптик телекөрсөтүүлөрдүн сапаты жакшы болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
“Өкмөт санариптик телекөрсөтүүгө өткөндө телеканалдардын сапаты жогорулайт деп убада берген. Бирок, тилекке каршы, азыр андай болбой жатат. Өкмөт бул багытта чараларды көрүшү керек. Көптөгөн жарандардан “телекөрсөтүүлөрдүн сапаты начарлап кетти, санарипти алып салып, аналогдуу көрсөтүүнү кайра кайтарып бергиле” деген өтүнүчтөр түшүүдө”, - деди депутат.