"Кыргызстан" фракциясынан депутат Тынчтыкбек Конушбаев Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 850 орундук мектепте 2 500 окуучу окуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
"Военно-Антоновкада жалгыз мектеп бар. Ал жерде окуучулар 3 мөөнөт менен окушат. 2012-жылы 750 орундук мектеп салынмак. 2008-жылы чечим чыккан. Азыркы мезгилде 35-40 пайызы гана бүттү. Бул мектепти тез арада бүтүрүү керек. 850 орундук мектепте 2 500 окуучуга кантип билим беребиз? Мен бул маселени комитеттен дагы көтөргөм. Айылдын башчысынан кат келди. 2017-жылы мектеп бүтүшү керек болчу. Бирок каражат толугу менен бөлүнгөн жок. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алуусу зарыл", - деди депутат.