Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улукбек Ормонов ("Бир бол") жол кырсыктарына байланышкан кылмыш иштерин териштирүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады.
"Жол кырсыктары боюнча баарыбыз айтып жатабыз. Тармактык комитет биз койгон тапшырмалар менен 2017-жылдын башынан бери болгон жол кырсыктарынан жумушчу топ түзүп, так изилдеп чыгышы керек. Ички иштер министрлиги менен биргеликте өзгөчө чоң кызматтагы кишилердин, алардын балдарынын катышуусундагы жол кырсыктары боюнча кылмыш иштери эмне болуп бүттү? Бул биздин карапайым эл үчүн маанилүү нерсе. Элде сөз бар "жол кырсыгына кабылган аткаминерлердин баары кутулуп, айылдагы карапайым элдер тутулуп жатат" деген. Кылмыш иштерин так изилдеп Жогорку Кеңешке алып чыксак. Бул маселени тармактык комитетке протоколдук тапшырма кылып берип койсоңуздар", - деп кайрылды төрага Ормонов.