Жол-патрулдук милиция: "Жол кырсыктарынын 37 пайызы жаш балдардын катышуусунда болот"

Жол-патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Иманалы Саркуловдун айтымында, өлкөбүздө жол кырсыктары 2013-жылы эң көп катталып, 1220 киши көз жумган.

“Статистикага таянсак, жол кырсыктарынын катталышына 86 пайыз айдоочулар күнөөлүү. Кырсыкка кабылган айдоочулардын 33 пайызы унаасын жогорку ылдамдыкта айдагандар, ал эми 24 пайызы жол эрежелерин сактабагандар, 11 пайызы каршы тилкеге чыгып айдагандар. Ошондой эле акыркы учурларда жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктары да көбөйүүдө. Мисалга алсак, жол кырсыктарынан жаш балдардын 37 пайызы жабыр тартышат. Эгерде унаада атайын жаш балдарга арналган орундуктар болгондо бул көрсөткүч кыйла азаймак”, - деген пикирин Иманалы Саркулов бүгүн, 23-ноябрда жол коопсуздугу боюнча өтүп жаткан улуттук форумда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан