2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 3,8 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, экономикалык өсүш бардык секторлордо болду. Анын ичинде айыл чарбасынын көлөмү 3 пайызга реалдуу түрдө өстү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 3 пайыз, курулуш тармагында 7,4 пайыз, өнөр жайда 5,2 пайызга өсүш болду.
“2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 0,4 пайызды түздү. Бул тенденциялар республикалык бюджеттин кирешесин 2015-жылга салыштырмалуу 101,6 пайызга өсүшүн камсыз кылды. Негизинен салыктык кирешелер көп болду. 2016-жылы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 136,9 миллиард сомго аткарылды. 2015-жылга салыштырганда 13,5 пайызга жогорулады", - деди өкмөт башчы.