Өкмөт башчы Чолпон-Атадагы ат майданы эмне үчүн эки жолу оңдоп-түзөлгөнүн айтты

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт 2016-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт берип жатат.

Анда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Чолпон-Атадагы ат майданы эмне үчүн эки жолу оңдоп-түзөлгөнүн сурады.

Премьер-министр Сапар Исаков I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында отургучтардын саны гана көбөйтүлгөн. “Ал эми II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүп жатканда эл аралык стандартка жооп берген ат майданы курулган. Ат майданы салык төлөөчүлөрдүн каражатынан курулган эмес, гранттык акчадан салынган”, - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан