Өкмөт "2,5 жыл ичинде бардык айылдарда арзан интернет болот" дейт

"50 миллион долларга эки жарым жыл ичинде өлкөнүн бардык айылдарын арзан интернет менен камсыздайбыз", - деп бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков убадалады.

"Биз Бүткүл дүйнөлүк банк менен келишимге кол коёбуз. Ошол келишимдин алкагында 50 миллион доллар алабыз. Ал каражатка интернетти ар бир айылга жеткиришибиз керек. Биз көздөп жаткан эки максат бар. Интернетти ар бир айылга жеткирүү жана анын баасын төмөндөтүү. Айылга жеткиришибиз мүмкүн, бирок баасы кымбат болсо эч ким албайт. Телеберүү, интернет ар бир үйгө кире турган болушу керек. Бул иштер жакынкы эки жарым жылда бүтөт", - деди Исаков.

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөт 2017-жылга карата бюджетти бекитүү жана 2018-2019-жылдарга карата болжолу тууралуу маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aza17
2017-11-23 13:32:55
'
0
Isco23
2017-11-23 14:37:49
Муну да куто жатарбыз
0
Stars
2017-11-23 15:09:28
Аябай жакшы болоор эле,коптон-коп кутобуз.
0
cfif03748
2017-11-23 19:46:20
Буткул дуйнолук банк менен кандай келишим менен 50 миллион$.ал келишим албетте банктын кызыкчылыгы учун болот.ОЗУ Кыргызстанда оз кучунор менен бир иш кыла аласынарбы?келишим менен акча ала берип Кыргызстанды жеп туготот экенсинерда.завод.фабрика дегендер качан курулат?келечектеги балдарды ойлоп ыйлагын кана келетта.келечек тунгуюк.Жогорку жактагылар же жеп жарылып олушподу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан