Сапар Исаков: "Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна акционер болуп кирсек деген оюн айтып жатат"

"Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстан акционерлердин бири болуп кирсек деген оюн айтып жатат", - деп бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

"Камбар-Ата-1 боюнча жакшы сүйлөшүүлөр болду. Өлкө башчысы Өзбек президенти менен сүйлөшүп жакшы жыйынтыкка келишти. Буга чейин Өзбекстан каршы чыгып келген. Эми алар колдоп, өзбек тарап акционер болуп кирсек деген оюн айтып жатат. Мен ойлойм, Өзбекстан жана башка коңшу өлкөлөр менен биргеликте Камбар-Ата-1ди салышыбыз керек. Биринчи маселе - аймактагы коопсуздук маселеси. Биз, албетте, өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды биринчи коюшубуз керек. Ошол кызыкчылык менен катар эле коңшулар менен мамиле да жакшы болуш керек", - деди Исаков.

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөт 2017-жылга карата бюджетти бекитүү жана 2018-2019-жылдарга карата болжолу тууралуу маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
kenjebek_a
2017-11-23 14:37:15
Кумтордогудой киргизип анан чыгаралбай же суу жок же ток жок олтурат экенбиз да.
+3
jbolotov
2017-11-23 14:39:10
Бакиевден айланып кеткиле. 2ГЭСти куруп иштетейин дегенде куудунар.Эми озбек туугандврга ишинер тушуптур
+6
Nurbollot
2017-11-23 14:40:47
Озбектерден нары ойногула. озбектар менен ГЭС салгыча салбай эле койгула биз озубузда онугуп каларбыз
+9
Nazar76
2017-11-23 15:11:01
Nurbollot, Туура айтасың эгер алар салса өзбекстанга кеткен сууну толук алар контрол кылып калат
+5
Kuba-savai87
2017-11-23 14:50:58
Коншулар Менен мамиле да жакшы болуш керектигин АШАга дагы айтып койчу
0
Medinaa
2017-11-23 15:03:31
Озбектерден башка жокпу?Азайта жатканда!
0
mederkg
2017-11-23 15:09:17
Жок бул жерде ошонун шылтоосуу мн сууну токту сатып атышы дагы мүмкүн биздин чоңдор мекендин келечегин ойлобой калган убак азыр чөнтөгү мн курсагын ойлогондор
0
bolush11
2017-11-23 15:36:48
Эч кандай кереги жок тез арада токтошуш керек
+1
Eksvp_1
2017-11-23 16:08:06
Сапар Исаков Өзбекстан менен ГЭС курам деген ою болсо, оюну сууга айтыш керек. Өзбекстан менен мамиле соода болсун, бирок ГЭС курбаш керек. Алмазбек Атамбаев айтып жатты эле Орустар ГЭСти куруп, өзүнүн акциясын Өзбекстан Казакстанга сатып жибериши мүмкүн деп. Орустар менен договорду жокко чыгаргандын себептеринин бири. Экинчи себеп Орусиядагы кризис болгон.
0
kechirmeni
2017-11-23 16:29:40
Ойлон Сапаш ойлон улуттун кызыкчылыгын ойлон, Кыргыз элине пайдасы тийсе жаса тийбесе сени эч ким зордогонго акысы жок, жаштык кылып алданып калба, озбектер ото куу эл. 7 олчоп бир кес, эксперттерден сура, экономисттерибиздин оюн ук. Биз сага ишенебиз, ишеничти акта
+2
ALATOOLUK.JIGIT
2017-11-23 19:36:07
Бу бир нерсе коргонбу камандын командасы? И ещё чекеден наглый,же тойбосо. Зилалиевди Казаковдун ордуна койду,Мегаком эми гарантия сатылат.
0
Zhoro
2017-11-23 19:55:05
Озбектер менен курба ГЭСти уктунбу бийлик ,сураныч курба озбок менен,башка жолун изде
+1
Beka13
2017-11-23 20:18:00
Озунор кура албасанар жон койгула келечек муундар курат силердин колунардан тоолет куруш келбейт гестен алысыраак оногула дагы тушуп кетпегиле ичине
+1
daniel87
2017-11-23 22:21:52
Эмне дээримди билбей калдымго
0
Goodyer
2017-11-24 02:45:08
Кыргыздын келечегин ойлогон адам келеби озу бийлике. Атамбаев талаштуу жерлерди озбектерге откоруп берди эми Сапар гести откоруп берсе бизде эчтеке калбайт го.Подстанциянын атынан канча проблемалар болду канча жолу светти узобуз деп коркутуп журду.Жакында датка-кемин буткондо коз каранды болбой калдык. Басып откон жолду карап коруп иш кыгыла
0
mara95kgz
2017-11-27 00:37:16
Озбектерде акча бар мамлекетте аларга суу жа жер эн кымбат акциянардын 90% ээлик кылып да коет силердин козунорду акча менен кор кылып. Биздин чиновниктер акча корсотсон оз кабырын озу казып олуп да кетеберет анан айтышы мумкун а то акчаны алдым деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан