Бишкек ШИИББинин Патрулдук кызматынын штаб жетекчиси Жакып Жумаев 23-ноябрда жол коопсуздугу боюнча улуттук форумда жарандар Патрулдук милициянын жалаң гана жаман жактарын издеп калгандыгын айтты.
“Азыр интернетти карасак жарандар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Патрулдук милиция кызматкерлеринин жаман жоруктарын гана издеп, аларды тартып алып чыгарып жатышат. Эгерде алардын жакшы иштеп жаткандыгын да тартып чыгарышса, кызматкерлер өз ишин берилүү менен аткарууга өбөлгө болмок. Ал эми жол кырсыктарына токтоло турган болсок, көпчүлүк жаш айдоочулар жол эрежелерин билишпейт. Алар мыйзамды сыйламак тургай, өздөрүн сыйлашпайт”, - деген пикирин билдирди ал аталган форумда.