БШК Өмүрбек Текебаевдин жана маркум Улан Чолпонбаевдин депутаттык мандаттары башка талапкерлерге качан бериле турганын али билбейт

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна келүүчү адамга депутаттык мандат берүү маселесин жакынкы күндөрү карайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG`ге БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.

"Өмүрбек Текебаевге карата Жогорку Соттун чечими чыкты. Бирок соттун чечими БШКга келип түшө элек. Сот чечим чыгаргандан кийин БШКнын бул маселеге кайрылуусуна 30 күн убактысы бар. Менимче, жакынкы күндөрдө бул маселени карайбыз. БШКдагы тизме боюнча кийинки кезекте турган талапкерге мандат берилет", - деди Асаналиев.

Ал Текебаевдин депутаттык мандаты кимге берилерин айта алган жок. Буга чейин 1-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов тизмеге таянып Жогорку Кеңештин депутаты болуп Искандер Гайпкулов келе тургандыгын билдирген.

Ал эми 12-ноябрда каза болгон депутат Улан Чолпонбаевдин мандатын тизмедеги кезек боюнча берүү жагы да карала элек. БШКнын мүчөсү Асаналиев Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Чолпонбаевдин каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин бул маселе карала турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik838383
2017-11-24 09:19:24
Приказ боло элек, же соода журо элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан