Кыргыз Республикасында балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү эмканаларда бекер дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда "Биздин үн" коомдук фондунун жетекчиси Айнура Ормонова билдирди.
Анын айтымында, коомдук уюмдар балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн укуктук жактан камсыз кылуу иштерин жүргүзүп келишет.
"Алгачкы кадамдар ийгиликтүү башталууда. Эми балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү, эмканаларга барып балдар үйүнүн бүтүрүүчүсүн тастыктаган маалымат кагазын көрсөтүп, бекер кызмат алууга мүмкүнчүлүк алышты", - дейт ал.
"Эгерде бүтүрүүчүнүн катталган жери жок болсо, бул көйгөйдү эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумдары чечип берет. Каттоого тургандан улам балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү паспорт алууга дагы мүмкүнчүлүк алат", - дейт Айнура Ормонова.