Жол-патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов бүгүн, 23-ноябрда журналисттерге көзөмөл күчөсө жол кырсыктары азаярын айтты:
“Соңку жылдары ИИМ тарабынан күчөтүлгөн режимде айдоочулардын жол эрежелерин сактоосун көзөмөлгө алуу иштери жүрүп жатат. Мисалы, мурунку жылдары сезон учурунда Ысык-Көл облусунда көптөгөн чоң жол кырсыктары катталчу эле. Быйыл Ош, Жалал-Абад сыяктуу башка облустардан да Патрулдук милиция кызматкерлерин алып келип, Ысык-Көл облусуна барчу жолго койдук. Жыйынтыгында кырсыктар былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла азайды, чоң кырсыктар болгон жок. Трассадагы кырсыктарды азайтуу боюнча өкмөткө сунуш берип, алар бизди колдоп, азыркы тапта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түзүлүп жатат. Бул башкармалыктын негизги милдети жол менен гана алектенет. Ал эми Патрулдук милиция жолдон тышкары коомдук жайлардагы тартипти, андан тышкары 102 кызматына болгон чалууларды да камсыздашчу”, - дейт ал.