Нарын облусундагы бюджеттик мекемелер жана калк 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде 55 миң 174 тонна көмүр керектейт. Нарын облустук администрациясынан кабарлашкандай, ушул жылдын күз-кыш мезгилдерине карата бюджеттик мекемелер көмүр менен 100 пайыз камсыз болсо, калктын 70 пайызы көмүр отунун алышкан.
"Облус аймагында элге көмүр отунун сатуучу 68 кампа уюштурулган. Ак-Талаа районунда 13, Ат-Башы районунда 12, Жумгал районунда 13, Кочкор районунда 12, Нарын районунда 15, Нарын шаарында 3 кампа иштейт. 23-ноябрга карата кампаларда 2 миң 374 тонна көмүр бар.
Ал эми кампаларда сатылып жаткан көмүрдүн 1 тоннасына болгон баа былтыркы жылдын ушул мезгилине карата өзгөргөн жок. Райондордо 1 тонна көмүр 3500 сомго чейин сатылууда", - деп билдиришти облустук администрациядан.