Бүгүн Бишкекте Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземине байланыштуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземине байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, автоунаа кыймылына чектөөлөр Чыӊгыз Айтматов, Манас жана Чүй проспектисинде болот. Мындан башка көчөлөрдө да болушу мүмкүн. Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жарандарды жаралган ыӊгайсыздыкка туура түшүнүүгө жана баруучу жерге ыӊгайлуу башка көчөлөрдү алдын ала пландап алууга чакырды.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" резиденциясындагы "Эне-Сай" боз үйүндө саат 10:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан