Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарында өткөн жол коопсуздугу боюнча улуттук форумга катышкан өкмөт мүчөлөрү, укук коргоочулар жана жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери, эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, автомектептин кызматкерлери жол кырсыктары боюнча талкуулашты. Андан соң жол кырсыктарынын санын жакынкы жылдары азайтуу максатында резолюция кабыл алышты. Резолюцияда 2020-жылга чейинки аралыкта өлүм менен коштолгон жол кырсыктарынын санын кескин түрдө азайтуу, “Коопсуз шаар” долбоорун тез арада ишке ашыруу, айдоочуларды даярдоо, аларды көзөмөлдөө жана жоопкерчилигин күчөтүү, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин кызматтык ролун жогорулатуу сыяктуу бир катар маселелер сунушталды. Ошондой эле “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин 2018-жылды “Жол коопсуздугунун жылы” деп атоо демилгесин колдоого алышты.