Казакстанда белгисиз адамдар "Жулиянын" эстелигине сүрөт тартып кетишти

Казакстандын Уральск шаарында жайгашкан "Жулиянын" эстелигине белгисиз адамдар мурут тартып, маңдайын кара боёк менен чийип кетишкен. Бул тууралуу казак басылмалары жергиликтүү полиция кызматкерлеринин билдиргенине таянып жазып чыгышты.

"Азыркы учурда окуя катталган тарапта жайгашкан камераларды карап жатабыз. Балким, тентектик кылгандар видеого түшүп калышкан", - деген полиция кызматкери Муслим Жардемов.

Белгилей кетсек, "Жулия" - белгилүү ырчы Батырхан Шукеновдун чыгармасындагы каарман. Ырчы бул ырын эң алгачкы жолу Уральск шаарында аткаргандыктан ушул жылы атайын ага арналган эстелик тургузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maks94.kb
2017-11-24 08:16:43
Атын чык баса жер орто
+1
Bars88
2017-11-24 09:01:39
Иши кылып кыргыз болбосо экен боёкчу киши
+7
Isco23
2017-11-24 10:35:05
Молодец биздин "адилеттен" калышпайт жкен. Линколнга атын жазган
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан