Президент Алмазбек Атамбаев 23-ноябрда маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Алмазбек Атамбаев маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушунун башталышы абдан маанилүү окуя экендигин айтып, мындай социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл экендигин белгиледи.
Андан кийин үйлөрдүн курулушун жүргүзүү боюнча бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигине тапшырма берилди.
Маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 340 миллион сом бөлүнгөн. Көп кабаттуу 4 турак жай 216 батирге эсептелген.