26-27-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан 24-ноябрда кабарлады. Маалым болгондой, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Суу кар түшүп, электр чубалгыларына, бактарга оор келиши мүмкүн. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Ал эми 27-28-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 -8, күндүз 0, -5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0 -5, күндүз 0 +5, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5 -10, күндүз 0 -5, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15 -20, күндүз -3 -8, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25 -30, күндүз -7 -12 суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.