Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтүүдө

Бүгүн, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтүүдө.

Азем "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өтүп жатат.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине ант берүүсү күтүлүүдө. Ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылат. Азем аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин имаратына барышат. Ал жерде ардактуу кароол катарга тизилип турат. Ардак кароолдун алдынан өткөндөн кийин эски жана жаңы президент мамлекет башчысынын иш бөлмөсүнө киришет. Иш-чарага 450 адам чакырылган. Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан