Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин 22 өлкөдөгү тарапташтарын өткөрүп берүүнү талап кылат

Фетхуллах Гүлен.Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин 22 өлкөдөгү тарапташтарын Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылат. Бул тууралуу Түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Анкаранын Төртүнчү кылмыш сотунун өтүнүчү боюнча Түркиянын Юстиция министрлиги АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүленди жана анын 22 өлкөдөгү 44 тарапташын өткөрүп берүүнү талап кылат.

Ошондой эле маалыматта ал тизмеде Германия, Улуу Британия, Нидерланды, Бельгия, Норвегия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн бар экени, аталган тизмени Кыргыз өлкөсү да толуктай турганы айтылат.

Айта кетсек, өткөн жылдын 15-июлунан 16-июлуна караган түнү козголоңчулар Түркияда бийликти басып алууга аракеттенген. Бирок алардын аракети ишке ашпай, мамлекеттик төңкөрүштө 290 адам мерт болуп, козголоңду уюштурууга тиешеси бар делип 26 миңдей адам кармалган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Бирок дин аалымы көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Гүленди кайтаруу боюнча Түркиянын өтүнүчүн Америка дагы деле аткара элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2017-11-24 13:53:56
Ф. Гулен дагы саясий куугунтукка кабылды окшойт. Бул кишини жасаган иштери аябай чоң ийгиликтерди жараткан.
+8
erkeleim
2017-11-25 00:46:45
Гулен аалым киши откоруп бербеш керек бир кездеги биздин Азамат Алтай куугунтукталгандай убакыт отсо бийлик алмашса ак экени блинеер
+2
Gulzats
2017-11-25 12:25:43
Чынында эле бул киши аалым киши.Аллах озунун суйгон кишилерин ото чон сыноолор менен сынайт эмеспи. Ф.Гулен аалым да ошондой болуп жатат окшойт. Кыргызстанда олимпиадаларды женип жаткан окуучулар окуган Сапатты (Себат) ушул киши ачкан. Качандыр бир кездерде Эрдоганды ушул кишинин досу болгондугу учун турк эли президенттикке шайлаган деп уккам.Андан кийин досун да сатып кетпеди
Сен тиги окшойсун ,бул окшойсун деп жазбагыла . Жон гана оз оюмду ,фактыларды жаздым.
0
Gulzats
2017-11-25 12:30:39
Туркиянын жарымы Гуленди колдошот . Ошон учун Туркияда ошончо миндеген адамдар турмого кармалып атышат да.Ич куйдуулук бул.Гулендин ачкан мектептери дуйнонун коптогон мамлекетинде бар.Америкада бузулуп кеткен балдарды тарбиялоочу мектеп да ачкан.Адамдар жондон жон эле Америкага чейин барып Гуленди корушпосо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан