Талас. Талас шаарында Балдарды коргоо күнү майрамдалды

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ага Талас облусундагы бардык райондордун Балдарга билим берүү борборлору катышкан “Мен, сен, ал, биргемин, гүлдөй бер, мекеним” аттуу фестиваль уюштурулду. Алгач А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин алдында окуучулар тарабынан тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү, андан соң аталган музыкалык мектептин чоң залында ыр, бий жаңырып, манасчылар жана дастанчылар өз өнөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн да эмгектери эл алдында тартууланды. Ал эми өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Нарынбек Токтосунов иш-чара тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди: “Бул фестивалга чейин ар бир райондо ыр, бий жана кол өнөрчүлүктүн кароо-сынагы болуп өткөн, ал эми буга райондордун жеңүүчүлөрү катышты. Ал эми фестивалдын жеңүүчүлөрүнө “Жер Үй” компаниясы белек катары 300дөн ашуун атайын балдарга энциклопедия китептерин тартуулады”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан