Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алган 26 жылдан бери Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн 5-президенти болду. Буга чейин өлкөнү Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, өткөөл мезгилде Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев жетектеди.
Аскар Акаевдин 1991-2000-жылдардагы президенттик кызматка киришүү аземи
Кыргыз өлкөсүнүн тунгуч президенти Аскар Акаевдин биринчи ант берүү аземи 1991-жылы декабрдын башында болгон. Салтанат Ак Үйдө парламенттик сессияда өткөн. 1995-жылдын 24-декабрында Акаев экинчи ирет өлкө башчысы болуп шайланган. Андан кийинки шайлоо 2000-жылы 29-октябрда өтүп, кайрадан Аскар Акаев жеңишке жетишкен. Ал эл алдында 2000-жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ант берген.
Курманбек Бакиевдин 2005-2009 жылдардагы президенттик кызматка киришүү аземи
Кыргыз өлкөсүндө 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев жеңишке жетишип, өлкөнүн экинчи президенти катары тарыхта калган. Анын ант берүү аземи 2005-жылы 14-августта борбордук "Ала-Тоо" аянтында өткөн.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы бешинчи президенттик кызматка киришүү аземи 2009-жылы 2-августта өткөн. Анда экинчи жолу президенттик шайлоого аттанып жеңишке жетишкен Курманбек Бакиев ант берген. Бул иш-чара өкмөт үйүндө уюштурулган.
Роза Отунбаеванын президенттик кызматка киришүү аземи
Кыргыз өлкөсүнүн гана эмес, Борбор Азиянын тарыхында эң алгачкы аял президент болуп калган Роза Отунбаеванын ант берүү аземи 2010-жылдын 3-июлунда өткөн.
Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдагы президенттик кызматка киришүү аземи
2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилген. Анда өлкөнүн өткөөл мезгилиндеги башчысы Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевге президенттик кызматты өткөрүп берген.
Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдагы президенттик кызматка киришүү аземи
Өлкөдө ушул жылдын 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи бүгүн, 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө орун алды. Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылды. Иш-чарага 450 адам катышты.