Суукта табит ачылат. Кыштан жазга ашыкча салмаксыз чыгуунун жолдору

Суукта курсагыңыз бат-баттан эле ачып жатканын байкайсызбы? Чынында аба ырайы суук болгон сайын табит ачыла түшкөндөй сезилип, ысык тамактар эске түшүп турат. Ошол эле учурда каалаган убактыңызда тамактана берүүдөн чочулайсыз, башкы себеби - ашыкча салмак кошууну каалабайсыз.

Адистер кышкысын да сымбаттуу дене түзүлүшүңүздү өзгөртпөй кармап туруунун бир нече жолдорун сунушташат.

1. Маркетологдор адам үшүгөндө, муздак сууну көп ичкенде тамактангысы келе тургандыгын айтышат. Андыктан бөлмөнү, отурган кеңсеңизди жылуу кармаңыз. Мындан тышкары синтетика кийимдерден качып пахтадан, суук тартпаган кездемелерден кийимдерди кийиңиз. Мындай абалда сиз үшүбөйсүз, демек, кайра-кайра тамактанууга каалооңуз пайда болбойт.

2. Эртең менен жуунуп жатканда алма, малина, кулпунай, шоколад жыттанган гелдерди пайдалансаңыз болот. Алардын жыты аз убакытка болсо да мээни "алдап" турууга жардам берет.

3. Дене мүчөңүзгө өтө кең болгон кийимдерди кийсеңиз сиз тамактан баш тарта албай каласыз. Бул абалда дененин сымбаттуу болушу эске көп деле келе бербейт. Андыктан сизге чак болуп турган кийимдерди кийсеңиз улам-улам даам тата берүүдөн өзүңүздү сактайсыз.

4. Жумушка жакын жерде жайгашкан машыгуу залына жазылуу оң. Анткени жумуш бүткөндөн кийин сиз өзүңүздү эркин сезип баштайсыз да көз алдыңызга үйдөгү диван, ысык чай, телевизор тартылат. Бул учурда машыгуу залына баруу оюңуздан кайткыңыз келет. Эгер машыгуу залы сизге жакын жайгашса мындай ойлор келгенге чейин сиз залда болуп каласыз.

5. Суюктук ичүүгө көнүңүз. Үшүгөн сайын ачка болуп жаткандай сезимдер келе берет, бул учурда сиз чай, сүт же жөн эле жылуу суу ичүүгө өтүңүз. Алар аз да болсо ачка экениңизди билдирбей турат.

6. Өзүңүзгө хобби табыңыз. Демейде адам стресске түшкөндө, жалгыз болгондо, колу көпкө бош болуп калганда тамактанууга өтөт. Эгер сиз өзүңүз сүйгөн бир жумуш менен кызуу алек болсоңуз ашказаныңыз тамакты көп деле эстете бербейт.

7. Сейилдөө жана кыймыл. Кышкысын күндүн нурунун аздыгынан адамдар өзүн чарчаңкы жана алсыз сезе башташат. Бул абалда күчтүү тамактарды тандашыңыз мүмкүн. Анын ордуна күн сайын таза абада суукка карабай 10-15 мүнөт сейилдеп коюу сизди ашыкча толуудан коргойт. Кышкысын үй ичинде көп кыймылдоо да толуп кетпегенге жардам берет. Маселен, сиз үй жыйнап, тамак жасап жатсаңыз бош отурганга караганда такыр үшүбөйсүз. Демек, тамак жеш керек деген ой сизге аз келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан